Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №8/6
Айыл ардагери Момунов Баялыны Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер" наамына көрсөтүү жөнүндө.
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 8- сессиясынын 6-маселеси Айыл ардагери Момунов Баялыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер" наамына көрсөтүү жөнүндө угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ардагери Момунов Баялыны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер" наамына көрсөтүү сунуш кылынсын.
2. Назаралиев айылдык кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб -сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага А.Эшалиев