Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-майы №8/7
Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү кээ бир айылдарга статус берүү боюнча комиссиянын актысын бекитүү жөнүндө
Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин Vll-чакырылышынын 8- сессиясынын 7-маселеси Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү кээ бир айылдарга статус берүү боюнча комиссиянын актысын бекитүү жөнүндө угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү кээ бир калктын санынын өскөндүгүнө жана тейлөө кызматын жеңилдетүү максатында Жийде-Сай,Үч-Коргон, экинчи бөлүм жана Кансалык, Кыр-Кечүү айылдарына статус алуу үчүн Жалал-Абад областынын жерге жайгаштыруу экспедициясынын, Аксы районунун мамлекеттик каттоо башкармалыгынын, райондук архитектура жана Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн адистери менен биргеликте түзүлгөн акты бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Назаралиев айылдык кеңешинин токтому Үч-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин токтому Үч Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Ч.Дөөлөтбековага жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин
Төрага А. Эшалиев