Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы
2018-жылдын 10-апрели №5
ХОВО автомашинасын ижарага берүү тууралуу
Айыл өкмөтүндөгү ХОВО автомашинасын натыйжалуу пайдалануу максатында Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү ХОВО автомашинасы “Агентство развития Тонского района” ишканасына ай сайын 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө ижара акысы менен ижарага берилсин.
2. ХОВО автомашинасы иш убактысында бузулган учурда оңдоо иштери “Агентство развития Тонского района” ишканасына милдеттендирилсин.
3. Автомашинаны ижарага берүү боюнча келишимдин шарттарын дыкат изилдеп кароо менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Азизовго тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү пландоо, бюджет, экономика, социалдык маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
5. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
Төрага У.Мааткеримов