Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз 13-сессиясы
2018-жылдын 25-апрели № 7
Таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигону үчүн жер тилкелерин бөлүү тууралуу
Көл-Төр айылында таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигону жок болгондуктан тиричилик калдыктарынан пайда болгон таштандылар жаратылыш ресурстарына, курчап турган чөйрөгө орду толгус чоң зыяндарды алып келүүдө. Жер адиси Ж.Талиповдун жана жер комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана ушул көйгөйлүү маселени чечүү үчүн Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы Көл-Төр айылында таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигондорун куруу үчүн төмөндөгү контурдан жер тилкеси бөлүнүп берилсин: Көл-Төр айылынын “Айылдын күн батышы” участкасындагы №31 контурунан 1,5 (бир жарым) га жер тилкесин бөлүү боюнча трансформациялоого сунушталсын.
2. Таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигондорун куруу үчүн тиешелүү каржы булактарын табуу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бөлүнүп берилген жер тилкелерине тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Тоң районунун шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан жана Тоң райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
5. Бул токтомду аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Азизовго, көзөмөлдөө жагы агрокомитеттин төрагасы А.Алымбаевге тапшырылсын.
Төрага У.Мааткеримов