Загрузка документа…
КӨЛ-ТӨР АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы
2018-жылдын 6-июлу №11
“Көл-Төр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 2019-2021-жылдарга карата долбоорун бекитүү жөнүндө”
Көл-Төр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Көл-Төр айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин көлөмүнүн болжолу
2019-жылы 7046,3миң сомго анын ичинен 3036,7 миң сомго салык жана салык эмес жыйымдар, 4009,6миң сом теңдештирүүчү грант;
2020-жылы 6840,9 миң сомго анын ичинен 3037,2миң сомго салык жана салык эмес жыйымдар, 3803,7 миң сом тендештирүүчү грант;
2021-жылы 6843,7 миң сомго анын ичинен 3040,0миң сомго салык жана салык эмес жыйымдар, 3803,7 миң сом теңдештирүүчү грант эсебинде бекитилсин.
Бюджеттин так аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери А.З.Түлөбаевага милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы К.С.Азизовго тапшырылсын.
Төрага У.Мааткеримов