Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IV-чакырылышынын кезектеги XХХII-сессиясы
2019-жылдын 28-марты № 119
Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин жана жайыт акысын бекитүү жөнүндо
Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечиминин негизинде жана жайыт акысын бекитуу жонундо сунушун карап чыгып жана талкуулап Самаркандек айыл кенешинин IV-чакырылышынын XXXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетинин планы: Кирешелер: 173800; Чыгашалар: 173800 көрсөтүлгөн суммада бекитилсин, 2019-жылдык сметанын негизинде иштетилсин.
2.Самаркандек айыл өкмөтүнүн жайыт комитенин 2019-жылга карата жайытка чыгуучу мал жандыктарына жайыт акысы төмөнкү тарифте бекитилсин. Бир баш мал үчүн жайыт акы бир айга төлөө өлчөмү
Кой, эчки- 3сом, Жылкы-16 сом, Уй-15 сом, Музоо- 7,5 сом
Сезонго карата бодо малга 120 сом
3.Бюджеттин чыгашаларын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы И. Абдрахмановго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин план буйрук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Пирматов |