Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IV-чакырылышынын кезексиз ХХХII-сессиясы
2019-жылдын 28-марты № 120
Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Бала Нур” балдар бакчасынын менчик формасын өзгөртүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Орозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Самаркандек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги турган Самаркандек айылындагы “Бала Нур” балдар бакчасы республикалык бюджеттен каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу менчигинин формасы мамлекеттик болуп өзгөртулсүн.
2.Тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары Ө.Дыйкановго жуктөлсүн.
Төрага | А.Пирматов |