Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы № 7
“Сары-Сөгөт айылынын тургуну Мамбеталиев Алиаскарга өздөштүрүүгө жер берүү жөнүндө”
Сары-Сөгөт айылынын тургуну Мамбеталиев Алиаскардын жазган арызын карап жана талкуулап Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Бел-Алды айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Мамбеталиев Алиаскардын жазган арызына ылайык Эски заправканын коктусунан таштак, кум, тикенек басып каралбай жаткан жерден 0,20 сотых жер 49-жылдык мөөнөткө пайдаланып өздөштүрүүгө берилсин.
2.Өздөштүрүлгөн жердин маданияттуулугун көтөрүп жашылдандыруу Мамбеталиев Алиаскарга милдеттендирилсин.
3.Өздөштүрүлгөн жерге тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы раймамкаттоо кызматынан суралсын.
4.Бул токтом сайтка жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж. Боромбаев |