Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели № 10
“Мал санактын жыйынтыгы менен саналган малга бекитилген жайыт акынын баалары жана айып өлчөмдөрү жөнүндө”
Жалпы элдик жыйында түшкөн сунуш-пикирлерди угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХIII ачык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Айыл өкмөтүндөгү жайлоолорго көчүп-конуу жөнүндө түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде иш алып баруу жагы айыл башчыларга, жайыт комитетине жана бадачыларга милдеттендирилсин.
2.Жайыт акынын баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 баш уйга -93сом
1 баш жылкыга -161сом
1 баш кой-эчки -33сом
3.Бадага берилген малдын баасы төмөндөгүдөй бекитилсин:
1 баш бодо малга-300сом.
1 баш жандыкка-40сом.
Эскертүү: Бадачы алган малын жоготсо төмөндөгүдөй суммада орду төлөнүп берилсин:
Кой-5000сом
Козу-4000сом
Эчки-3500сом
Улак-2000сом
4.Бадачылардын жайлоолорго көчүү тартиби төмөндөгүдөй бекитилсин
1.Жайыт белетин алуу
2.Жакынкы жайлоолорго көчүү 20-апрелден 5-майга чейин
3.Ортонку жайлоолорго көчүү 25-майдан 1-июнга чейин
4.Алыскы жайлоолорго 1-июндан 5-июнга чейин
5.Бадачылардын айылга көчүп келүү мөөнөттөрү төмөндөгүдөй бекитилсин
1.25-сентиябрдан 1-октиябрга чейин жакынкы жайлоолорго
2.1-октиябрдан айылга көчүп келүү
6.Айдоого жана чабындыга, бак-даракка зыян келтирип огородко түшкөн малга.
7.Келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте көчүп келген бадачыга, айдап салма малдардын ээлерине
8.Айылдык кенештин сессиясынын бекиткен токтомдорун аткарбаган жарандарга КРнын Бузуулар кодексинин негизинде айып пулдар чегерилип жоопкерчиликке тартылсын.
9.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылат.
10.Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн баштап мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | Ж. Боромбаев |