Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели № 12
«Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинен түшкөн 300,0 миң сом акча каражатын жумшоо жөнундө»
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин 2019-жылдын 26-апрелиндеги №15 номери менен түшүрүлгөн 300,0 миң сом акча каражатын жумшоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIII-ачык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Жаны-Арык каналынан Сары-Сөгөт айылына суугат суу чыгаруу үчүн топосьемкасын чийдирип, проект, сметасын толук документин жасатуу үчүн 150,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү
2.Сары-Сөгөт айылындагы чыгарылган таза суунун ремонтуна 150,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Жогорудагы жумуштарга бөлүнгөн акча каражатын пайдаланууну көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине тапшырылсын.
4.Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж. Боромбаев |