Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-апрели № 13
“Трансформатор коюу үчүн жер бөлүп берүү жөнундө”
Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIII-ачык сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Бел-Алды айыл аймагындагы М.Жамгырканов атындагы орто мектебинин жанынан, бош турган жерден трансформатор коюу үчүн 9 м-2 жер, Коргон айылынын Боз-Тектир участкасынан бош турган жерден 9 м-2 жер бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2.Бөлүнүп берилген жерге тиешелүү тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Токтогул райондук Архитектура жана курулуш башкармалыгынан суралсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
4.Бул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Боромбаев |