Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XVII-сессиясы
2019-жылдын 17-майы № 6
Ленин айылындагы сортоучастоктун жанындагы таза суу скважинасына караштуу ижарага берилген 0.14 га жер тилкелери жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ленин айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз (жер комиссиясында каралган эмес, айыл өкмөтүнүн токтому жок, аукцион болгон эмес жана 5 жылга эмес 10 жылга) ижарага берилген Казакбаев К.- 0.06 га, Бусурманкулов К. – 0.08 га жер тилкелердин келишимдери жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Кеңешбаев |