Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
(Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
VIII чакырылыш кезексиз XVI сессиясы
2019-жылдын 30-майы № 2
Жалал-Абад шаарынын аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгынын 10.04.2019-жылдагы чыг.№№048/19/06-06-01/5732-катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин талаптарына ылайык Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 25.11.2008-жылдагы кезексиз III сессиясынын 2-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жеке жактар - ишкердик үчүн багытталбаган жашоо турак жай ээлери таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйымдан бошотулсун.
3. Жалал-Абад шаарынын аймагында юридикалык жана физикалык жактарга ишкердик үчүн багытталган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санына жараша ставка менен 100 сом өлчөмүндө таштандыларды ташып чыгуу үчүн жыйым бекитилсин жана ар жылы 1-июлга чейин төлөнөөрү белгиленсин.
(Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 3 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө крааштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгына кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюдже, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |