Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVI сессия
2019-жылдын 30-майы № 5
Жалал-Абад шаарындагы “Манас” ААКнун 04.02.2019-жылдагы чыг.№12-катты жана жеке жаран Б.Бакировадан келип түшкөн арыздарды жана тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын чечимине ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Б.Осмонов көчөсү-72а дарегинде жайгашкан 3552,0 чарчы метр жер тилкесинин укуктук зоналык категориясын «П-2» (өндүрүш) зонасынан «Ж3» (көп кабаттуу турак жай) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүнүн 92-кварталында жайгашкан 5500,0 чарчы метр жер тилкесинин «П-1» (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан «Ж-3» укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына КРнын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Шаар куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |