Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVI сессия
2019-жылдын 30-майы № 6
Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча жобосунун негизинде жана “Достук”, “Курманбек” аймактык башкарууларынан түшкөн катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, комиссиянын чечимине ылайык Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районундагы 16-көчөнүн аталышын милициянын отставкадагы майору Баатыралы Орозбаевдин (лат.Baatyraly Orozbaev) ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Птицеград кичи районундагы Долборлоо №4 көчөсүнө Капар ата (лат. Kapar ata) ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарынын Птицеград кичи районундагы Долборлоо №1 көчөсү Мухтар Садык уулу (лат.Mukhtar Sadyk uulu) ысымы ыйгарылсын.
4. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөнү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |