Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги XVI сессия
2019-жылдын 30-майы № 7
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 30.05.2019-ж. чыг.№04-09/1436 жана муниципалдык менчик башкармалыгынын 31.05.2019-жылдагы чыг.№06-5/416- каттарынын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин имаратын жалпы курулуш аянты 1903,5 чарчы метр, жер аянты 10500,0 чарчы метр жер тилкеси менен кошо «Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. «Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин имаратын оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А. Джолдошев |