Редакцияот 30.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

VIII-чакырылыш кезектеги XVI сессия

2019-жылдын 30-майы № 8

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 28.05.2018-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №4-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын таза суу менен камсыз кылуу үчүн кабыл алынган токтомду жокко чагарып, кайрадан “Тунук Суу” бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө депутат Т.Баевдин баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна таянып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги ХVI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 28.05.2018-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №4-токтому жокко чыгарылсын.

2.  Жалал-Абад шаарынын мэриясына ушул токтомду Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына жеткирүү жана тааныштыруу жагы милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.

5.  Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А. Джолдошев