Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-декабры №26/163
Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштеринин маалыматын угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 50-беренесинин 2- бөлүгүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиев кийинки сессияда айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышы жөнүндө отчет берсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, жергилктүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |