Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры №24/156
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн акча каражатын мекемелер менен түздөн түз келишим түзүп чыгымдоо жөнүндө
2016-жылга каралган акча каражатын чыгымдоого жыл башында парталга регистрация болгон эмес жана чыгымдар сметасы парталга көрсөтүлбөгөн, парталга жыл аягында регистрация өткөнгө болбогондуктан тиешелүү мекемелер менен түздөн-түз келишим түзүп чыгымдоо жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн акча каражатын пайдалануу жыл башында парталга регистрация болбой калгандыктан тиешелүү мекемелер менен түздөн түз келишим түзүп чыгымдоо айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановго макулдук берилсин.
2. Акча каражатын пайдаланууда мыйзам чегинде иш алып баруу жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Касымалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |