Редакцияот 22.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы

 

2016-жылдын 22-августу №23/147

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен түзүлгөн типтүү келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин калктын жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында калктын жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык калктын жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча каржылоого керектөлүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.

3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн калктын жарандык абалдын актыларын каттоого керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджетке которулусуна көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.

 

Төрага

Б.К. Элтуйбасов