Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 22/146
Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен түзүлгөн типтүү келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 145 токтому менен бекитилген Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө типтүү келишимди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 2-3-бөлүктөрүнө ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кочкор райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин штатын киргизип берүү менен жетектөөчү адисти каржылоого керектөлүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
3. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылсын.
4. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга керектелүүчү акча каражатын жергиликтүү бюджетке которулусуна жана акча каражаттардын мыйзам чегинде чыгымдалышына көзөмөл кылуу жагы тапшырылсын.
Төрага | Б.К. Элтуйбасов |