СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеӊешинин V-чакырылышынын кезектеги X-сессиясы
2013-жылдын 4-октябры № 10/6
Семиз-Бел айыл аймагындагы муниципалдык менчиктин реестрин бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы муниципалдык менчиктин реестрин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымованын маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө түзүлгөн муниципалдык менчиктин реестри бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы муниципалдык менчикти башкарууну жана пайдаланууну Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчикти башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Букамбаев |