Загрузка документа…
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XI сессиясы XXVII чакырылыш
2018-жылдын 20-апрели №40
Жерлерди муниципалдык менчикке бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
Биринчи Май айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мөөнөтсүз пайдаланууга айыл чарба эмес багытындагы категориясына газ бөлүштүрүүчү пуктарды орнотуу үчүн жер участкалары бекитилсин.
Ак-Суу а. Ипподромный көч. н/ж дарегинде жайгашкан жалпы аянты 18,0 чарчы метр участогу (автобус токтоочу жайдын түштүк тарабынан)
Ак-Суу а. Ипподромный көч. н/ж дарегинде жайгашкан жалпы аянты 18,0 чарчы метр участогу (бажы терминалынын чыгыш тарабынан)
Ак-Суу а. Добровольский көч. н/ж дарегинде жайгашкан жалпы аянты 18,0 чарчы метр участогу (кагат талаасынын жана айланма жолунун түштүк тарабынан)
Ак-Суу а. Заводской көч. н/ж дарегинде жайгашкан жалпы аянты 24,0 чарчы метр участогу ( Проездной көч. № 90/1 короо-жай участогунун чыгыш тарабынан)
Ак-Суу а. Суворов көч. н/ж дарегинде жайгашкан жалпы аянты 21,54 чарчы метр участогу (Суворов көч.№ 25 короо-жай участогунун түштүк тарабынан)
Биринчи Май айыл өкмөтүнүн дыйкан чарбалар жана жерге жайгаштыруу боюнча жетекчи адиси Д. С. Кожоновго Москва районунун мамкаттоодон бекитилген участокторго документтерди жол-жоболоштурсун.
Айыл кеңештин төрагасы | Дунганов С. У |