Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 6 кезектеги - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 4-марты № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу 437.3 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүгө макулдук берүү маселесин карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-3 беренесинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1-апрель 2006-жылдагы № 261 токтомунун жана ОсОО «ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД» ишканасына берилген №5138 АП лицензиянын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ОсОО «ТЯНЬ ШАНЬ ГОЛД» ишканасына Жаңы-Ноокат айыл аймагына караштуу 437.3 га жер аянтында жер байлыктарын аныктоо боюнча геологыялык изилдоо иштерин жүргүзүгө макулдук берилсин.
2. Жер байлыктарын аныктоо боюнча геологиялык изилдөө иштери мыйзам чегинде жүргүзүлушүн камсыз кылуу жагы Жаңы -Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кеземелдее жагы айылдык кенештын жер маселери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |