Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 7 кезектеги - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 14-июну № 3
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын тургундарынын 2017-жылдын 25-январындагы № 1 Жандама айылынын Томок мааласындагы көчөнүн атын Тешабаев Абдусаломдын атына ыйгаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап Тешабаев Абдусаломдын коомдук иштердеги үзүрлүү эмгектерин айыл жаштарына жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы” жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылынын тургундарынын 2017-жылдын 25-январындагы № 1- токтомунун негизинде Жандама айылынын Томок бѳлγмγндѳгγ көчөнүн аты Тешабаев Абдусаломдын атына ыйгарылсын.
2 Аталган көчөдө жайгашкан турак жай жана имараттарды номерациялоо, керектелүүчү көрсөткүчтөрдү орноту иштерин уюштуруу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |