Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 30/4
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Чекилдек айылына жаны мектеп куруу үчүн жер участогун берүү жөнүндө
Семиз- Бел айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу Чекилдек айылына салынуучу жаны мектеп курууга Чекилдек айылынын 23-март 2015-жылдагы жалпы элдик чогулушунун токтомунун негизинде «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чекилдек айылынын тургуну Курманбек уулу Теңизбекке тиешелүү менчик жери Гараждын ордунан 1,0 га жер участогу Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн Чекилдек айылына жаңы мектеп салуу үчүн берилсин. Берилген жер участоктун ордуна Курманбек уулу Теӊизбекке К.Темиров атындагы эски мектепке тиешелүү спорт аянтчасынын ордунан 0,50 га жер участкасы менчигине берилсин.
2. Курулуш куруу үчүн бөлүнүп берилген жер аянтын архитектуралык пландаштыруу тапшырмасын түзүү жер аянтын чектеп берүү, баардык курулуштарды жер участкасынын план долбооруна ылайык салынышын көзөмөлдөө жагы рай. архитектурадан жана курулуш инспекциясынан суралсын.
3. Бөлүнүп берилген жер аятынын документтерин мыйзамга ылайык берүү жана каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн жер адисине, Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |