Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 8 кезектен тышкаркы - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 5-августу № 1
2017-жылдын 1- июлунда болгон табыгый кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жууп кеткен 11.13 га айыл чарба эгиндери зыян тарткан. Анын ичинен кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери 3.62 га, γлγш жерлер 6.35 га, тамарка жерлер 1.16 га жалпы суммасы 36288 сом, 2017-жылдын 23- июлунда болгон табыгый кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жууп кеткен 24.28 га айыл чарба эгиндери зыян тарткан. Анын ичинен кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери 5.58 га, γлγш жерлер 17.10 га, тамарка жерлер 1.60 га жалпы суммасы 47341 сом. Аталган жерлерге айдалган айыл чарба эгиндери толугу менен жараксыз абалга келип калган. Атайын тγзγлгѳн комиссия тарабынан жеткирилген зыян аныкталып, дыйкандарга аз болсодо колдоо кѳрсѳтγγ максатында, зыян тарткан дыйкандарды жер салыгынан жана ижара тѳлѳмγнөн бошотууну карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сесиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын июл айында болгон табигый кырсык нөшөрлөп жааган жамгырдын натыйжасында сел жγрγп 35.41 га айыл чарба эгиндери зыян тарткан. Анын ичинен кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери 9.20 га, γлγш жерлер 23.45 га, тамарка жерлер 2.76 га бардыгы 83629 сом жер аянты жер салыгынан жана ижара тѳлѳмγнөн бошотулсун.
2. Табигый кырсык натыйжасында зыян тарткан 35.41 га жер боюнча тγзγлгѳн актынын негизинде зыян тарткан дыйкандардан тγзγлгѳн акттын негизинде жер салыгынан жана ижара тѳлѳмүнөн бошотуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Тѳрагасы | А. Имамов |