Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 8 кезектен тышкаркы - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 5-августу № 2
“Сахаба” эс алуу багынын жалпы кѳлѳмγ 14.08 гектарды тγзѳт. Анын ичинен 3.47 га айыл чарба багытындагы жерлер категориясы боюнча 5 жылдык мѳѳнѳт менен ижарага берилген. 10.98 га болүгүнүн ичинен 3.10 га аянты жол арык тратуар жана башкаларды тγзгѳн жерлер 7.51 га антына айыл тургундары ѳз алдынча уруксатсыз жеңил конструкциядагы курулуштарды куруп алышкан аянты тγзѳт.
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 334-336- беренелерин негизинде 7.51 га жерлерден пайдаланган ѳз алдынча жеңил конструкциядагы курулуштарды куруп алган айыл тургундары пайдаланган жери γчγн айыл чарба багыты эмес жерлер категориясы боюнча жер салыгы тѳлѳнγшγ керек жана коммерциялык жол менен пайдалангандыгы айыл чарба багытындагы жерлер γчγн белгиленген салыктын 20% ѳлчѳмγндѳ ижара суммалары белгилениши керек.
Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясы заседаниясы “Сахаба” эс алуу багындагы кайра бѳлγштγрγ фонд жерлерин ижарага пайдалануу боюнча маселени карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 334-335-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ” мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жерлери эсебиндеги “Сахаба “ эс алуу багындагы жердин 10.98 болугунун ичинен 7.51 га аянтына айыл тургундары ѳз алдынча уруксаатсыз женил конструкциядагы курулуштарды куруп алып пайдалангандыгы себептүү, пайдаланган жерлери γчγн Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин” 334-336- беренелерин негизинде айыл чарба багыты эмес категориясы боюнча жер салыгы алынсын
2. Ѳз алдынча уруксатсыз женил конструкциядагы курулуштар курулган жерлердин ижара суммасы айыл чарба багыты эмес жерлер γчγн белгиленген салыктын 20% ѳлчѳмγндѳ ижара суммалары алынсын.
3. “Сахаба” эс алуу багындагы жерлерди ижарага берγγ γчγн ѳз алдынча уруксатсыз женил конструкциядагы курулуштар курулган жерлерден башка бош жаткан жердин ар бир сотигинен орточо 80 сомдон белгиленип ижара келишимдери тγзγлсγн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |