Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-июлу № 30/6
Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылдагы инвестициялык планын бекитүү жана АРИС тарабынан каржылана турган акча каражатынын пайдаланышы жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитетинин 2016-жылга инвестициялык планы бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын Жайыт комитети тарабынан «Мал чарбасын жана рынокту ѳнүтүрүү» Долбоорунун алкагында АРИС тарабынан каржылануучу акча каражатына атайын техникасыны сатып алуу долбоору жактырылсын.
3. Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн бюджетиндеги бош калган каражатынын 19-январь 2016-жылдагы №26/2 токтомунда айыл ɵкмɵтүнүн ар кандай долбоорлору үчүн каралган 2515,0 сомунан 450,0(тɵрт жүз элүү миң) сом акча каражаты Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесине атайын техника сатып алууга ɵздүк салым катары бɵлүнүп берилсин.
4. Бɵлүнүп берилген акча каражатын жыл аягында 15%, 67500 сомун, 2017-жылы 10%, 45000 сомун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетинен айыл ɵкмɵтүнүн эсебине которулуп берилсин.
5. Акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом айыл ѳкмѳтүнүн аппаратынан каттоодон ѳткѳрүп, Кочкор kg.веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |