Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 8 кезектен тышкаркы - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 5-августу № 3
Абдукаххарова Чаманхан 1977-жылы Фергана мамлекеттик педагогикалык институтунун анлис тили факультетин 1977-жылы ийгиликтγγ бγтγрγп, ошол эле жылы жаны-Ноокат айыл аймагындагы Хамза атындагы орто мектебинде эмгек жолун баштап 1989-жылда М Улукбек атындагы орто мектебине диретор кызматына дайындалып ушул кγнгѳ чейин аталган метептын эмгек жамаатын башкарып келе жатат. Эмгектеги ийгиликтери γчγн Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин,Ноокат райондук кенешинин депутаты болуп шайланган. Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен,Ош областтык мамлекеттик администрациясынын “Ардак Грамотасы” менен, Кыргыз Республикасынын “Эл агартуунун мыктысы” тѳш белгиси менен,Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин “ Курманжан Датка медалы” менен сыйланган.
Эл аралык фондтор менен тигиз байланышта болуп “МерсиКО” фондусунун грантын утуп мектептин чатырын жабууда 1 млн сомдук иш аткарды. АКШнын “Балдардын коргоо” фондусунан грант утуп мектептин 34 кабинетин полдорун, Республикалык бюджеттен 14 млн 500 мин сомдук акча каражаттарын алып метептын жана жылытуу системасын капиталдык ремонттон чыгарууга жетишти. Ушул менен бирге айыл аймагында “Азиз бала” атуу балдар бакчасын уюштуруп,эл аралык фондттор менен байланышып, заманбап талаптарга жооп бере турган мектепке чейинки билим берγγ мекемесы даражасына чыгырып райондогу алдынгы балдар бакчасы катарына кошуу.
М. Улугбек атындагы орто мектебинин директору Ч. Абдукаххарованын билим берγγ чѳйрѳсγндагы γзγрлγγ эмгектерин эсепке алып Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М. Улукбек атындагы орто мектебинин директору Абдукаххарова Чаманхан “Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим” наамына кѳрсѳтγлсγн
2. М. Улукбек атындагы орто мектебинин директору Абдукаххарова Чаманханды “Кыргыз Республикасында эмгек синирген мугалим” наамына кѳрсѳтγγ боюнча тиешелγγ иш кагаздарын даярдап берγγ жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин билим берγγ жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |