Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 8 кезектен тышкаркы - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 5-августу № 5
Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Каримбердиев Одилдын Жаңы-Ноокат айылдык кенешине берген арызын карап чыгып Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2016-жылдын 30-июнундагы № 102\16 корутундусун, Ноокат райондук ѳрткѳ каршы мамлекетик кызмат бѳлγмγнγн №118 6-ж “16”06 корудундусунун Ноокат райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык –эпидемологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборунун 2016-жылдын 24-июнундагы №06-12 корутундусунун, курчап турган чѳйрѳнγ коргоо жана токой чарбасы боюнча малекеттик агентигинин Ош областтык аймактык башкармалыгынын 2016-жылдын 8- июнундагы № 108 корутундусунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылынын тургуну Каримбердиев Одилга Жаңы-Ноокат айыл аймагы Дѳң-Кыштак айылынан “Сай Гузар” бѳлγмγндѳгγ А Хажимаматов атындагы кѳчѳнγн батыш жагындагы четинде жайгашкан 36 чарчы метр бош жаткан жер тилкесине убактылуу жеңил типтеги контейнердик курулманы орнотуп пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча труктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |