Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 10 кезектен тышкаркы - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 5-октябры № 2
Жаңы-Ноокат айылынын тургундарынын, айрыкча аялдардын айыл борборунда жайгашкан спиттик ичимдиктерди сатуучу дγкѳндѳрдγн ишмердγγлγгγн токтотуу тууралуу кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап айыл борборунда коомдук тартипти сакталышын камсыз кылуу, айыл жаштары арасында спирттик ичимдиктерди ичип алып,ѳз ара талаш-тартыштардын болтурбоо, айрыкча мектеп окуучуларына бул кѳрγнγш терс таасирин кѳрсѳтγлγшγн алдын алуу жана спирттик ичимдиктер сатылуучу дγкѳндѳр мектептерге жакын жайда 100 метр аралыкта жайгашкандыгы γчγн спирттик ичимдиктерди сатуучу дγкѳндѳрдγ жабуу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергилктγγ мамлекеттик администрация жѳнγндѳгу мыйзамынын 31-беренесинин 15-бѳлγмγнγн негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айылынын борборунда жайгашкан спирттик ичимдиктерди сатуучу дγкѳндѳрдγ жабуу тууралуу айыл тургундарынын кайрылууларын канаатандыруу, айылдын борборунда коомдук тартипти сакталышын камсыз кылуу максатында айыл борборундагы спирттик ичимдиктерди сатуучу дγкѳндѳр жабылсын.
2. Кыргыз Республикасында спирттик ичимдиктерди сатуу жѳнγндѳгγ мыйзамында кѳрсѳтγлгѳн талаптардын негизинде билим берγγ мекемелер мектептептерден алыста жайгашкан жерде спирттик ичимдиктерин сатуу дγкѳнγн уюштуруу жагы спирттик ичимдиктер сатуучу ишкерлерге билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |