Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 10 кезектен тышкаркы - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 5-октябры № 4
Жаңы-Ноокат айыл аймагында “Кырк Чоро” элдик кошуну кѳп жылдардан бери айыл аймагында укук корго органдарынын кызматкерлери менен чогу коомдук тартипти сактоо иштеринде иштеп жаткандыгын жана мындан ары “Кырк Чоро” элдик кошунун ишин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Ноокат айыл аймагында “Кырк Чоро” элдик кошунун курамы бекитилсин.
2. “Кырк Чоро” элдик кошунун башчысы болуп Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин депутаты М.Козубуваев, башчысынын орун басары болуп Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин депутаты А.Артиковдар бекитилсин.
3. “Кырк Чоро” элдик кошунуна айыл аймагындагы ар бир айылдан активист жаштарды тартуу жагы М. Козубуваев жана А. Артиковдорго тапшырылсын.
4. “Кырк Чоро” элдик кошунун матиериалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |