Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августу № 31/2
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн адис статистик кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө адис статистик кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү»токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө адис статистик кызмат орду, келишими бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүндө адистик кызмат ордунун келишимин, штат бирдигин акча каражатын мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев |