Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 11 кезексиз - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 16-декабры № 1
“Алдаяр- Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомунун Жаны-Ноокат айыл аймагында мрамор ташын кайра иштетγγ цехин куруу γчγн 4.0 га жер аянтын ажыратууга макулдук берγγ жѳнγндѳгү кайрылуусун карап чыгып, Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнγн социалдык-экономикалык жактан ѳнγгγγсγн камсыз кылуу жана айыл тургундарына кошумча иш орундарын тγзγп берγγ максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жѳнγндѳ убактылуу Жобоонун” негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезексиз сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алдаяр-Уголь Лимитед” жоопкерчилиги чектелген коомунун мрамор ташын кайра иштетγγ цехин куруу γчγн Жаңы-Ноокат айылдык аймагынын Жандама айылынын Сурпа-Таш бѳлγмγнѳн №866-872 контурунда жайгашкан кайра бѳлγштγрγγ фондунун эсебиндеги 4.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” (баалуулугу кыйла тѳмѳн айыл чарба жери) категориясынан “Ѳнѳр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2 Ушул токтомдо кѳрсѳтγлгѳн 4.0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” (баалуулугу кыйла тѳмѳн айыл чарба жери) категориясынан “Ѳнѳр жайдын, транспорттун, байланыштын жана башка жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3 Ушул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳп иш алып баруу жагы Жаны-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
4 Ушул токтомду аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кенештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |