ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 11 кезексиз - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 16-декабры № 2
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта Тал айылынын Зарибдор бѳлγмγндѳгγ сел алган γлγш 2.52 га жерди айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жерине алмаштыруу жѳнγндѳ
Жаңы-Ноокат айылдык кенешине айыл аймагынын Катта-Тал айылынын тургундары Мамажанов Файзулла ,Юлдашов Абдугаффор жана башкалар 2017-жылдын 3- июлунда болгон табыгый кырсык селдин натыйжасында 2.52 га сугат айдоо γлγш жерлерин сел жууп кеткендигинен пайдаланууга жараксыз абалга келип калгандыгы, γлγш жерди кайра бѳлγштγрγγ фонд жеринен алмаштырып берγγ тууралуу арызын карап чыгып, сел жууп кеткен жерде сел ѳтγγчγ канал куруу зарылдыгы боюнча Ноокат райондук айыл чарба департаментинин адистери тарабынан 2017-жылдын 26- июлунда тγзγлгѳн айыл ѳкмѳтγнγн жер картасынын 16-контурунда жайгашкан жерге сел ѳтγγчγ канал куруу тууралуу актынын жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамынын негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта Тал айылынын Зарибдор бѳлγмγндѳгγ сел алган γлγш 2.52 га жерди айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жерине алмаштыруу жана ал жерге сел ѳтγγчγ канал куруу γчγн Ноокат райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылынсын
2. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Катта Тал айылынын Зарибдор бѳлγмγндѳгγ сел алган γлγш 2.52 га жерди айыл ѳкмѳтγнγн кайра бѳлγштγрγγ фонд жерине алмаштыруу жана ал жерге сел ѳтγγчγ канал куруу иштери боюнча керектелγγчγ иш кагаздарын даярдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде алып барылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |