Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 11 кезексиз - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 16-декабры № 6
Жаңы-Ноокат айыл аймагында Кγнгѳй, Тескей, Яш ,Катта-Тал, Дѳн-Кыштак, Жандама айылдарында ѳткѳрγлгѳн айыл тургундарынын жалпы чогулуштарын токтомдорун бекитγγ максатында Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2013-жылдын 21- октябрындагы № 593 айылдарга калктуу конуш статусун берγγ жѳнγндѳгγ токтомунун негизинде жаны-Ноокат айылдык кенешинин сессиясинин кезектен тышкаркы отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында Кγнгѳй, Тескей, Яш , Катта-Тал, Дѳң-Кыштак, Жандама айылдарына жаңы калктуу конуш статусу берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы Кγнгѳй, Тескей, Яш ,Катта-Тал, Дѳн-Кыштак, Жандама калктуу конуштарына САОТ мамлекеттик классификаторуна киргизγγ γчγн керектелγγчγ юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагын камсыз кылуу Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Жаңы-Ноокат айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |