Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 12 кезектеги - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 22-декабры № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин кошумча окуу имаратын толуктоо үчүн мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү үчүн өздүк салым ажыратып берүү боюнча Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин бюджетик маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамына ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясынын заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама айылындагы Найманбаев атындагы толук эмес орто мектебинин кошумча окуу корпусун имаратын толуктоо үчүн мамлекеттик түрткү берүүчү гранттын эсебинен бүтүрүү үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом өздүк салым Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин акча каражаттарынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |