Загрузка документа…
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык Кеңешинин 12 кезектеги - сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 22-декабры № 6
Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептерде уюштурулган “Камкорчулар” кеңеши Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Билим жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыгылган айтайын Жобоонун жана иш мерчимдеринин талаптары негизинде иштебей жаткандыгы жѳнγндѳгγ ата-энелердин нааразычылыктарын, иш уюштурууда кемчилдиктерге жол берилип жаткандыгы, айрым иштерде мыйзамдардан четтенүгө жол берилип жаткандыгын карап чыгып жана талкуулап Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтγγ мамлекеттик администрациясы жѳнγндѳгγ мыйзамынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы мектептерде ата-энелер тарабынан уюштурулган “Камкорчулар” Кеңешинин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги тарабынан бекитилген кѳрсѳтмѳлѳр жана Жоболордун талаптары толугу менен аткарылбай жаткандыгы,ишмердүүлүктө мыйзамдан четтенүүлөргө жол берилип жаткандыгы боюнча ата-энелердын нааразычылыктары болуп жаткандыгы γчγн “Камкорчулар” кеңеши γчγн ата-энелерден акча чогулту иштерин убактылуу токтотуу жагы Ноокат райондук билим берγγ бѳлγмγна сунушталсын.
2. Айыл аймагындагы мектептерде уюштурулган “Камкорчулук” кеңештеринин 2014-2018-жылдар аралыгындагы акча каражаттарын жыйналышы жана сарпталышы боюнча ишмердүүлүгүн текшерγγ максатында Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγ жана Жаңы-Ноокат айылдык кеңештын депутаттарынан турган атайын комиссия тγзγлγп,текшерүү иштерин жγргγзγγ Жаңы-Ноокат айыл ѳкмѳтγнѳ тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрагасы | А. Имамов |