Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2017-жылдын 29-декабры № 10/3
Чет-Нура айыл аймагынын 2017-жылдагы бюджетте каралган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш, архитектура, муниципалдык менчик, курулуш жана транспорт боюнча комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1-март 2017-жылдагы №131 токтомуна ылайык чиндерге кошумча акча каражаты төлөнүп берилгендиктен, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын 13-март 2017-жылдагы №4/6 токтомуна бекитилген 2111 статьясында каралган жана эконом болгон 8,9 миң сом акча каражаты 2121 статьясына жылдырылып, бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |