Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2017-жылдын 29-декабры № 10/5
Төш-Булак айылындагы каналды калыбына келтирүү үчүн 2012-жылы өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Төш-Булак айылына 625 (алты жүз жыйырма беш) штук труба келген. Бирок бул трубалар каналдарга коюуга жараксыз абалда болгондуктан, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төш-Булак айылынын каналын калыбына келтирүү үчүн Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан келген трубалар айыл өкмөтүнүн балансасына алынып, сатыкка коюлсун.
2. Сатылган трубаларды мыйзам чегинде кириштеп, Төш-Булак айылынын каналын курууга пайдаланылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |