Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-августу № 31/3
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчынын кызмат ордун, штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы № 145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жооптуу катчы кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап, Семиз-Бел айыл аймагынын айылдыкКеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы № 175 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү»токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жооптуу катчынын кызмат орду, келишими бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүндө жооптуу катчынын ордун келишимин, штат бирдигин акча каражатын мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын ДРНГС жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
Төрага | М. Букамбаев |