Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XI кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2018-жылдын 25-январы № 11/2
Чет-Нура айыл аймагынын 2017-жылдагы жыл башынан калган акча каражатын бөлүштүрүү максатында Чет-Нура айыл аймактык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, ФЭБнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын протоколу толуктоо жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2214 | Транспорт чыгымдары | 60,0 |
2 | 2215 | Башка чыгымдар жана кызматтар | 502,8 |
3 | 2222 | Материалдарды жана буюмдарды алуу | 93,4 |
4 | 3111 | Имараттар жана каналдар | 1510,8 |
5 | 3112 | Машиналар жана камсыз кылуулар | 748,0 |
6 | 3113 | Башка негизги каражаттар | 10,0 |
|
|
| 2925,0 |
Баары-2925,0 миң сом (Эки миллион тогуз жүз жыйырма беш миң сом).
3. Чет-Нура айыл аймагына караштуу бала бакчаларынын атайын каражаттарынын 2017-жылдын жыл башынан калган калдык акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын:
№ | Статья | Чыгаша бөлүктүн аткарылышы | Сумма (миң сом) |
1 | 2218 | Тамак аш алуу | 103,4 |
Баары – 103,4 миң сом (Бир жүз үч миң төрт жүз сом).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Ибраевага тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |