Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XI кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2018-жылдын 25-январы № 11/6
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тургундарына «Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Жобого ылайык: Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. - Нарын райондук балдар-уландар спорт мектебинин педагогикалык кеңешинин отурумунун 20-январь 2018-жылдагы №7 протоколунун негизинде, мектептин усулу Бошубеков Карыбекке Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Мамбетакун Бекмуратов атындагы Ак-Кыя мектебинин профсоюз уюмунун чогулушунун 23-декабрь 2017-жылдагы токтомунун негизинде М.Бекмуратов орто мектебинин мугалими Абыкеев Аалыкадырга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.
- Чет-Нура айыл тургундарынын 11-январь 2017-жылдагы №1 токтомунун негизинде, Чет-Нура айылынын тургуну Таабалдиев Асанкадырга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы;
- Чет-Нура айылынын тургундарынын 18-январь 2018-жылдагы №2 токтомунун негизинде, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Мамыров Токтаалы Абдылдаевичке Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы;
- Орто-Нура айылынын тургундарынын 11-январь 2018-жылдагы №1 протоколунун негизинде, Орто-Нура айылынын тургундары Карыбекова Рахия жана Кыдыралиев Күмөнбектерге Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамдары берилсин.
2. Чет-Нура айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» деген сертификат күбөлүктөрүн жазатып, 21-март Нооруз майрамында тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |