Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XI кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2018-жылдын 25-январы № 11/9
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбооруна жазылган сметалык баасы 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сомдук долбоор жактырылсын.
2. “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун эсебинен каржылана турган Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |