Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
XI кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш
2018-жылдын 25-январы № 11/10
Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булуң жана Төш-Булак айылдарындагы окуучуларды М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине ташуу үчүн авто унаа алуу боюнча “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбооруна жазылган сметалык баасы 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сомдук долбоор жактырылсын.
2. “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун эсебинен каржылана турган Ак-Булуң жана Төш-Булак айылдарындагы окуучуларды М.Байдөөлөтов атындагы орто мектебине ташуу үчүн авто унаа алуу боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |