Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-октябры № 32/6
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын жүргүзүүгө АСКИД программасын киргизүүгө каражат кароо жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн документтерин аткаруунун автоматикалык көзөмөлдөө системасын (АСКИД) программасын киргизүү үчүн каражат кароо жөнүндө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүрованын билирүүсүн угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүндө документтерди аткаруунун автоматикалык көзөмөлдөө системасын (АСКИД) программасын киргизүү үчүн 5,0 (беш) миң сом өлчөмүндө акча каражаты айыл өкмөтүнүн бош калган каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы С.Өмүровага тапшырылсын.
Төрага | М.Букамбаев |