Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын V сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № V/I
Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1 долбоорунун алкагында АРИС аркылуу Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатып алына турган трактордун баасына, өздүк салым катары айыл өкмөтү тарабынан которулуп бериле турган 100,0миң сом соттун чечимин аткаруу максатында 40,0 миң сом акча каражатын которуу жана демөөрчүлөрдөн400,0 миң сом акча каражатын чогултуу боюнча депутаттардын ой-пикирлерин угуп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин YII чакырылышынын Yсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-январына кирешенин эсебинен калган акча каражатынан 31121290 стаьясына 100,0миң сомду мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1долбоору аркылуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине алынуучу техниканын баасына өздүк салым катары жайыт комитетинин счетуна которуу жана 40миң сом акча каражатын 28231100 статьясына соттун чечиминаткаруу максатында которуп берүү белгиленсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине сатып алына турган техникага өздүк салымды аныктоо боюнча айылдык жыйындын 14.02.2017-жылдагы №3 токтомуна ылайык 410,0миң сом акча каражатын чогултуп төгүп берүү,айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
2. Өздүк салым катары бөлүнгөн акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүнбөлүм башчысы К.Султановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Кошалиев |