Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын V сессиясы
2017-жылдын 25-февралы № V/III
Пионер-Булак ИСКАКБнин 2016 жылдагы жүргүзгөн иши тууралуу М.Нааматбековдун билдирүүсүн угуп Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Пионер-Булак ИСКАКБсинин төрагасы М.Нааматбековдун билдирүүсүн эске алынсын.
2. Пионер-Булак ИСКАКБсинин төрагасы М.Нааматбековго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин.
-айыл ичиндеги суу чорголорун толук иштетүүнү камсыздоо;
-таза сууга болгон карыздарды толук өндүрүүнү 2017-жылдын 1-мартына карата камсыз кылуу;
-суу чорголорунан чыккан сууну 1 суткада 4-5 саат чыгарууну колго алуу;
-үйүнө суу киргизген үй ээлеринен тарифке ылайык төлөмдөрдү жыйноо;
-үйүнө суу киргизген үй ээлеринин үйүнө алган суусунөлчөй турган счетчик коюу боюнча март айынан баштап ишти уюштуруу;
-суу керектөөчүлөр менен келишим түзүү;
-түзлгөн келишимге ылайык суу пайдалануучулар келишимди аткарбаган шартта, келишимде каралган шарттардыннегизинде өндүрүүнү колго алуу;
3.Токтомдун аткарылышына көзмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага тапшырылсын.
|
Төрага | Б.Кошалиев |