Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын VI сессиясы
2017-жылдын 2-марты № VI/VIII
Сары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө эпизоотологиялык абалдын алдын алуу максатында мал дарылоочу купка жана Беккари чункурун куруу боюнча чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылан-Арык айылына айылдын четине күн чыгыш жагына чет участкасына мал дарылоочу купка жана Беккари чункурун куруу белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 токтому менен бекиген «жер участокторун которуу трансформациялоо» жөнүндөгү жобону жетекчиликке алып иш алпаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мандат,бюджет, экономика пландоо курулуш жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
|
Төрага | Б. Кошалиев |